Дүйнөдөгү бою эң кичинекей адам 27 жашында каза болду

Боюнун узундугу 67 сантиметр 8 миллиметрди түзгөн Хагендра Тапа Магар каза болду. Батыш маалымат булактары маркумдун жакындарына таянып жазган маалыматка ылайык, дүйнөдөгү бою кичинекей адам 27 жашта болгон.

Хагендра Тапа Магардын досторунун айтымында, ал акыркы учурда жүрөк, астма жана пневмония оорулары менен жабыркап жүргөн. Хагендра 16-январда Покхара шаарындагы ооруканалардын биринде пневмония илдетинен улам каза болду.

Хагендра 18 жашка чыкканда "Гиннесстин рекорддор китеби" тарабынан расмий түрдө бою кичинекей адам деп табылган. Бирок 2015-жылга чейин рекорд жараткан адам деп бою 54 сантиметр 6 миллиметрди түзгөн Чандра Бахадур Данги айтылып келген. Ал каза болгондон кийин рекордду Хагендра Тапа Магар жаңырткан.

Бою кичинекей же карлик делинген Хагендра европалык жана америкалык телешоулорго катышкан. Эми дүйнөдөгү бою кичинекей адам макамы колумбиялык ди-джей Эдвард Эрнандеске буюрду. Анын боюнун узундугу 70 сантиметр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ainura220888
2020-01-20 00:56:59
Бечара, буларды колдонуп шоу жасап алып анан таштап коюшатда. Жаль...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан