Британиянын ханзаадасы Гарри менен анын жубайы Меган Марклдын ыйгарым укуктары боюнча чечим кабыл алынды. Алар жаз мезгилинде падышалык үй-бүлө макамынан ажыратылат жана алардын үй-бүлөсүнө мамлекеттен каражат бөлүнбөйт.
Букингем сарайынын расмий билдирүүсүнө ылайык, кабыл алынган чечимдер күчүнө киргенден кийин Гарри менен Меган Марклга мындан ары "Падыша даражалуу" макамы колдонулбайт. Бирок Гарринин ханзаада деген титулу сакталат.
Гарри менен Меган Маркл Виндзордогу үйүн оңдоп-түзөө үчүн Улуу Британиянын бюджетинен алган 2 миллион 400 миң фунтту (болжол менен 218 миллион 129 миң 367 сом) кайтарып берерин билдиришти.
8-январда Британиянын ханзаадасы Гарри менен Меган Маркл падышалык үй-бүлө макамынан баш тартары тууралуу билдиришкен. Ошондон улам 13-январь падышалык үй-бүлө жыйыны өткөн. Жыйындан кийин Елизавета II ханзаада Гарри менен Меган Марклдын падышалык үй-бүлө макамынан баш тартуу ниетин толугу менен колдой турганын билдирген.