WhatsApp тиркемеси убактылуу толук кандуу иштебей калды

Кечээ, 19-январь күнү WhatsApp тиркемесинин иштөөсүндө мүчүлүштүктөр жаралып, дүйнө боюнча арыздангандар көп болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, кечээ бир нече саат бою колдонуучулар медиафайлды бири-бирине жөнөтө албай, текст гана алмашып калганын айтып арызданышкан. Бул көйгөй көбүнчө Орусия, Европа, Азия, Латын Америка, Африка өлкөлөрүндө жаралганы айтылууда.

Эске салсак, буга чейин деле WhatsApp сервисинде мүчүлүштүктөр болуп, хакерлер тарабынан колдонуучулардын маалыматтарын алып, уурдаганга мүмкүнчүлүк түзүүчү коркунуч жаралган. Бирок Фейсбук мындай кемчиликти тез арада калыбына келтирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nazi25
2020-01-20 10:10:21
Ооба кече түштөн кийин ошондой болду.
+4
Assalomuallekum
2020-01-20 10:25:33
Туура
+1
Wibee
2020-01-20 12:23:56
Өлүпкетсин
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан