Бишкек шаардык сотунда ЖЭБ иши боюнча апелляциялык даттануулар каралат

Бүгүн, 20-январда Бишкек шаардык сотунда ЖЭБ иши боюнча жактоочулардын апелляциялык даттанууларынын каралышы күтүлүүдө. Учурда соттук отурум баштала элек. Ага Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоону башкаруу боюнча топтун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов, мурдагы финансы министри Ольга Лаврова жана "Электр станциялары" ишканасынын башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров келди.

2019-жылдын 6-декабрында Бишкектин Свердлов райондук соту коррупция боюнча айыпталып жаткандарга карата чечимин чыгарган. Анда мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков менен "Улуттук энергетикалык холдинг" ишканасынын мурдагы башчысы Айбек Калиев "коррупция" беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылган. Мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев 7 жыл 6 айга соттолсо, депутат Осмонбек Артыкбаев менен мурунку финансы министри Ольга Лаврова айып пул төлөөгө милдеттендирилген. "Электр станциялары" ишканасынын башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров жана Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоону башкаруу боюнча топтун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкуловдун жаза мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу сот залынан бошотулушкан. Ал эми "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы башчысы Салайдин Авазов "коррупция" беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 3 айга эркинен ажыратылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Jaznura
2020-01-20 11:05:23
Сапар Исаковдун иши соттон сотко каралганча анын мөөнөтү бүтүп калат.
+2
robot111
2020-01-20 11:26:38
ТЭЦке жумшалган 386 млн доллар деген оңой акча эмес. Аны кайра биз – карапайым эл Кытайга үстөгү менен 500 млн доллар кылып кайтарып беришибиз керек. Ошондо кайсы бир экс-чиновниктердин миллионер болуп алганы үчүн карапайым эл азап тартып, карыздан кутулушу керекпи?
+1
yrmat88
2020-01-20 12:36:13
robot111,
Жакында Сооронбай Жээнбеков озу кошо камалса, ошондо олкобуздо акыйкат орноду десе белет. Анык уурулар Сооронбай озу экенин элдин баары билет. ТЕЦ боюнча Сооронбай камалыш керек эл журт.
0
keku00
2020-01-21 15:23:53
yrmat88, мал ненди урайн. Козун кор болот, тообо де! Далилин болбосо антип суйлогонго, анын акысына киргенге кандай акын бар?
0
Alimbek1000
2020-01-20 11:23:40
Сапар сары 111 млн долларды кайтар каяка каткансың ал акчаларды?
+2
chake
2020-01-20 11:53:39
630 долларга кайсы келесоо кычкач алат мамлекеттин казынасын каалагандай тоногон бул акмактар кыйшаңдабай жооп берсин
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан