Бүгүн, 20-январда Бишкек шаардык сотунда ЖЭБ иши боюнча жактоочулардын аппеляциялык даттануулары каралууда. Буга чейин жактоочу Замир Жоошев судьядан өндүрүштөн ишти токтотуп турууну өтүнгөн. Кеңешүүдөн келген судья Воронцова өтүнмөдөн баш тартылганын билдирди.
"Өтүнмөдөн баш тартылат. Мыйзамга ылайык конституциялык палата ишти соттун түздөн-түз кайрылуусу менен карайт", - деди ал.
Отурумдун жүрүшүндө мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев отурумга коллегиялык кылган соттор Нурбек Эсеналиев жана Нурлан Кожомбердиевге ишенбөөчүлүк көрсөттү. "Мен бир мамлекеттик айыптоочу жана сиздин жаныңызда отурган эки сотко ишенбөөчүлүк көрсөтөм. Себеби алар иш экинчи инстанцияда каралып жатканда катышкан. Алар көз карандысыз чечим чыгара алабы?" - деди ал. Мындан тышкары, Сатыбалдиев алар отурган камера айнектен болгондуктан эч нерсе угулбай жатканын айтып нааразы болду. "Бизге бардык сөздөрдүн угулуп турушуна шарт түзүп бергиле же микрофон койгула. Ал болбосо эшикти ачып койсо деле качып кетпейбиз", - деди ал.
Соттук процесске Ирина Воронцова төрагалык кылууда, ал эми соттук коллегияда Нурбек Эсеналиев жана Нурлан Кожомбердиев бар.