Аваз Акимов жубайы менен кызын төрөтканадан алып чыкты. "Кызыбызды дүйнөлүк жылдыздын атынан Ариана деп атадык" дейт ал

Бүгүн, 20-январь күнү ырчы Аваз Акимов жубайы Айдана Дека менен кызын төрөтканадан алып чыгышты. Эне баланы чыгаруу үчүн Айдананын ата-энеси, "Дека дэнс" бий тобунун бийчилери, Аваздын кесиптештери, достору келишти.

"Кызыбыздын атын чоң атасы менен кеңешип, дүйнөлүк жылдыз Ариана Гранденин атынан Ариана деп койдук. Буюрса, келечекте апасы экөөбүз кызыбызга татыктуу ата-эне болгонго бардык аракетибизди жумшайбыз", - дейт кызын колуна алган Аваз.

Ал эми эне статусун алган Айдана Дека: "Учурда ден соолугум жакшы. Кудай буюруп, аман-эсен төрөп алдым. Башында түйүлдүк пайда болгондо эле менде энелик инстинкт пайда болгон. Кызым төрөлгөндө андан беш бетер кызыма болгон сүйүүм күчөдү", - дейт Айдана.

Ариана деп аташты. Аваз Акимов менен Айдана Дека кызын төрөт үйүнөн чыгарды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Islambek123
2020-01-20 14:06:44
Омурлуу, ыймандуу, бактылуу,кыз болсун.
+4
Margo82
2020-01-20 14:08:39
Илгери мынчалып бапырабай эле чыгышчу эле.
+3
kamchatka
2020-01-20 14:14:08
Кызын омурлуу болсун кайра кайра суротко тушуп чыгара бербей эле отургула катынанада айт бир жерин шамалдатып албасын кечке суротко тушом деп
+9
Nadia68
2020-01-20 16:41:40
kamchatka,
0
Samatalibei
2020-01-20 19:02:27
kamchatka,Катынына айт дечи! Ал катыны угат болду бекен!
-2
jike
2020-01-20 14:33:13
Ээ аваз атанын балага болгон биринчи милдети жакшы ат коюу.ал ат эмнени тушундурот кыргызча эле жакшы ысымдар барго ошолордон эле койсон болмок.кызындын омуру Узун ыймандуу Кыз болсун
+16
Tiken
2020-01-20 14:53:47
Ариана тууралуу маалыматты силерден улам билдим))) Авазды тартса мыкты ырчы чыгат деп ойлойм, омурлуу, ырыстуу кыздардан болсун!
+2
Dembele84
2020-01-20 16:06:21
Ариана Гранденин атына Айдана озу эле койсо керек Авазды кондуруп туруп,Айдана озу да клиптеринде ошол кызды туурагандай боло берет
+16
rysik79
2020-01-20 16:12:40
Бешик боонор бек болуп бактылуу ыймандуу кыз болсун!
0
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-01-20 16:18:38
Ариана?
0
bond02
2020-01-20 17:10:12
Негизи азыркылар перзентке ат коюууда маанисин тушунуп билишпейт го дейм, илгерки ата бабадан келаткан ысымдар унутулуп баратат таза кыргызча аттар.
+4
Aimani
2020-01-20 17:21:45
Аваздын атасы Ариана Гранденин куйорманы го анда
+13
jalguzum
2020-01-20 17:54:51
Омуру узун бактылуу кыз болуп чонойсун. Нурмат Садыров кимди которуп алган))
+1
katerina.li
2020-01-20 18:22:43
Ушинтип эле тушкон жарашат экен да. Бир кг каймак шыбап бетине журчу эле. Татынакай эле келин экен го, макияжа жок эле
+2
tavanova.sarah
2020-01-20 18:52:03
Атыны ата-энем коёт деп атат элего?..
Аваздын ата-энеси Ариана деген ырчы бар экенин билбесе деле керек))
+6
Paol
2020-01-20 21:39:48
tavanova.sarah,по моему Айдана койгон го Ариана Гранде жагат деп журчу эле
+1
Avrora2017
2020-01-20 22:50:10
Ozu da okshoshup ketet eken Ariana Grandege kozdoru ele butuk bolboso Aidana
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан