Америкалык ырчы концерт убагында сахнада каза болду

Америкалык ырчы жана композитор Дэвид Олни 71 жаш курагында сахнада ырдап жатып каза болду. Бул тууралуу дүйнөлүк маалымат булактары жазып чыгышты.

Ага ылайык, концерт Флорида штатындагы Санта-Роса-Бичте болуп жаткан. "Ырчы үчүнчү ырынын ортосуна келгенде токтоп калган, андан соң кечирим сурап, көзүн жумган. Ал ошол бойдон столдун үстүндө турган гитарасынын жанында отуруп калган", - деген досу, ырчы Эми Ригби.

Дарыгерлер анын өмүрүн сактап калууга аракет кылганы менен ырчы көз жумган.

Дэвид Олни 1948-жылы Род-Айленд штатындагы Провиденс шаарында төрөлгөн. 1973-жылы Нэшвилл шаарына келип, өзүнүн группасын түзгөн. Музыкант биринчи альбомун 1986-жылы жарыкка чыгарган. Ал карьерасында жалпы 20 альбом чыгарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
AksyKum
2020-01-21 23:08:26
Анан эртерек жыйынтыкташ керекда чыгармачылыкты
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан