Бүгүн, 20-январда “Чындык” сайтынын редактору Турсунбек Бейшенбеков кармалды. Бул тууралуу Сөз эркиндигин коргоо комитетинин төрагасы Адил Турдукулов маалымдады.
“Буга чейин Бейшенбеков Аскер прокуратурасына ИИМ башчысынын мурунку орун басары Курсан Асановдун иши боюнча суракка чакырылган. Турсунбек Бейшенбеков убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал болбогон айып менен кармалды", - деп жазылат билдирүүдө.
Бул маалымат боюнча ИИМ жана Башкы прокуратура тастыктай элек.
Маалымат толукталат.