Конор Макгрегор Дональд Серроне менен болгон беттешинде канча гонорар алганы белгилүү болду

Ирландиялык мушкер Конор Макгрегор UFC 246 турниринин алкагында өткөн мелдеште 78 миллион доллар тапкан. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, беттеш 19-январда Лас-Вегас шаарында болуп өткөн. Анда Конор Макгрегор америкалык мушкер Дональд Серронени 40 секундда нокаут менен жеңип алган. Гонорардын расмий суммасы 3 миллион долларды түзгөн, дагы 50 миң доллар кечтин бүйүр кызыткан беттеши болгондугу үчүн бонус катары берилген. Калганы көрүүлөрдөн түшкөн. Беттештин алдында Конор 80 миллион доллар аларын айтып өткөн. Ирландиялык мушкердин капчыгында 22 жеңиш жана 4 жеңилүү бар болсо, Серроне 36 жеңиш жана 14 жеңилүү менен эсебин толуктады. Беттештин соңунда Серроне ооруканага жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
erast
2020-01-21 14:17:18
40 секкуундта 78 миллион доллар... ё-моё жип бергилечи мага жип!
+15
Aibek8992
2020-01-21 16:05:07
erastбирок бул акыретте тукко турбай калат. бироого ыкылас менен бир курма садака кылып,же бироонун жузуно карап жылмайып койсон мындан чон сооп,эки дуйнонун тен жакшылыгын сурайбыз дечи,бирок бизде эн баалуу нерсе ыйман бар!
+17
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан