Өзбекстандын өкмөтү толук курамда отставкага кетти. Бул тууралуу Олий Мажлисинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Өзбекстан Республикасынын Конституциясынын 98-беренесине ылайык, министрлер кабинети ыйгарым укуктарын өткөрүп беришти. Президент өкмөттүн жаңы курамын түзгөнгө чейин бул курам өз ишмердүүлүгүн улантып турат. Жаңы премьер-министрдин талапкерлиги бүгүн, 21-январда парламентте каралат", - деп айтылат маалыматта.