Курсан Асановдун иши боюнча сурак берген "Чындык" сайтынын журналисти Турсунбек Бейшенбеков 2 айга үй камагына алынды

Бүгүн, 21-январда “Чындык” сайтынын редактору Турсунбек Бейшенбеков 2 айга үй камагына алынды. Бул тууралуу Сөз эркиндигин коргоо комитетинин төрагасы Адил Турдукулов маалымдады.

Турдукуловдун айтымында, сот анын кичинекей 3 баласы бар экенин жана коомчулук үчүн кооп жаратпай тургандыгын эске алуу менен 2 айга үй камагына алуу бөгөт коюу чарасын тандап алган. Турсунбеков кечээ кармалып, баш коргоо чарасы каралган.

"Ага чейин Бейшенбеков Аскер прокуратурасына ИИМ башчысынын мурунку орун басары Курсан Асановдун иши боюнча суракка чакырылган. Бул болбогон бир айып", - деген болчу Турдукулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Asel69
2020-01-21 11:42:04
Азыркы соттор Сооронбайдын кылмыштуу кландык режимине кызмат кылып калды. Соттор, органдар Сооронбайдын жакындарына, кошомточыларына иштеп калыптыр. Сокенин жакындары каалагандай сотторду башкарат, оздоруно ылайык чечимдерди чыгартып алышат, Раим уурулар сыяктуулар. А байкуш чындыкты айткысы келгендер фактыны издеп убара. Алардын айткандары факты болбой эле, тескерсинче намыска шек келтирди деген шылтоо м-н камалып кетип жатышат. Ансыз деле Сооронбайга эл арасындагы нааразычылык курч.
+2
Asel69
2020-01-21 11:53:42
Asel69,
Мындай корунуш коомчулукта абалды ого бетер курчутат. Эгер Соке "дай факты" деп олтура берсен, жакын арада Соке шыпырыласын. Сокенин конулуно, жакындарына жакпай калгандар фактысы жок эле камалып, иш козголуп, аларды коркутуп, куугунтука алып оозун жаап, кыскасы уй-булоосуно да, коомго да зыян алып келип жатат. Мына кыскасы бугунку Сокенин жасап жаткан иши ушул болду.
+3
Ernestinio
2020-01-21 11:58:10
Asel69, сен ушул создоруно жооп бересин, каралай жалган жалаа жапканын учун. билбей туруп чыккынчылардын ушак создорун жазганга тем более болбойт. законду билбеген жоопкерчиликтен кутултурбайт.
-3
Asel69
2020-01-21 12:06:32
Ernestinio,
Сен ушул созду Сооронбай Жээнбековко барып айт. Биринчи ишти озунон баштасын. Озунун кылган кылмыштарына жооп берсен. Озунун он, сол чөнтөгүнөн баштасын. Озунун жакындарынан баштасын. Эки жылдан бери Раимге окшогон оң-сол чөнтөгүн толтургандарга факты бергиле деп жүрөт. Калгандары фактысы жок эле ак жеринен камалып олтурушат.
+7
Jaznura
2020-01-21 11:43:26
Азыркы журналисттер журналист эмес эле тыңчы болуп калды.
+1
chake
2020-01-21 11:46:05
Чөнтөк журналисттер бүгүнкү күндө журналистиканын атын булгап бүтмөй болушту
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан