Кытай пластикалык баштыктарды колдонуудан баш тартуу тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алды. Ага ылайык, 2020-жылдан тарта өлкө аймагындагы ири шаарларда пластикалык баштыктарды колдонууга тыюу салынат. Ал эми 2025-жылга чейин өлкөнүн бардык аймактарында пластикалык баштыктар, ошондой эле пластикалык буюмдардын башка түрлөрү да колдонуудан чыгат. Бул тууралуу кытайлык басылмалар жазышууда.
Маалыматта берилгендей, пластикалык баштыктарды жана башка пластик буюмдарды өндүрүүгө жана колдонууга тыюу салуу алгач Кытайдын ири шаарларында ишке ашат. Ал эми 2022-жылдан тарта өлкөнүн бардык аймактарында тыюу салынмакчы.
Кытай өкмөтү бул долбоор кытай элинин саламаттыгы жана келечеги үчүн өтө маанилүү экендигин белгилешкен.
"Science" журналы 2015-жылы жүргүзгөн изилдөөсүнө ылайык, дүйнөлүк океандагы пластикалык буюмдардын таштандысынын дээрлик 28 пайызы Кытайга таандык экендиги аныкталган. Жыл сайын океанга 8 миллион тонна пластикалык буюм-тайымдардын таштандысы агып келет.