Мичигандын жашоочусу эски диван сатып алат. Бирок ага отуруу абдан ыңгайсыз болгондуктан, диванды ачып көрүп, ичинен 40 миң доллар таап алган. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматта жазылгандай, АКШнын Мичиган штатынын Говард Кирби аттуу тургуну 2019-жылы декабрда өзүнө комиссиялык дүкөндөн (колдонулган буюмдарды сатуучу жай) эски диван сатып алган. Ал диванды бир канча апта колдонуп, ага отуруу абдан ыңгайсыз болуп жатканын сезет. Кирбинин кызы эмнеге мындай экендигин текшерүү үчүн диванды ачып көрүп, анын ичинде акча жашырылганын көрөт. Жалпысынан дивандын ичинен 40 миң доллар алып чыгат. Анын баары 20, 50, 100 долларлык болгон.
Мындан соң Кирби жактоочу менен кеңешип көрөт. Жактоочу бул жагдайды жана акчанын кайдан келгендигин ачыктоого милдеттүү эместигин билдирип, акчаны өзү алып калса болорун айткан. Бирок Кирби мындай туура эмес болорун ойлоп, диванды сатып алган дүкөндүн кызматкерине бул тууралуу билдирген. Сатуучулар өз учурунда диванды саткан адамды табышат. Ал бул диван бир канча ай мурун каза болгон чоң атасына тийиштүү экендигин айткан. Жыйынтыгында Кирби дивандын мурдагы ээсине бардык акчаны кайтарып берген. "Эгерде мен ушундай кырдаалга туш болсом, эмне кылмак элем деп улам-улам ойлондум. Эми өзүмдү эң сонун сезип жатам", - деген Кирби. Ал эми диванды Кирби өзүнө алып калган.