Австралиядагы туруксуз аба ырайы дагы дүйнөнүн көңүл чордонунда. Акыркы эки күн ичинде алгач кумдуу катуу бороон жүрүп, андан соң гольфтун тобундай болгон мөндүр жаады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, 2 күн аралыгында куткаруу кызматына 1200дөн ашык жаран жардам сурап кайрылышкан. 2 киши алган жаракатынан улам дарыгерлердин жардамына муктаж болгон. Биринчи күнү шамалдын ылдамдыгы саатына 100 чакырымга жетип, катуу бороондон кумдар бийиктикке чейин көтөрүлгөн. Ал эми кечээ, 20-январь күнү Түштүк Уэльс жана Австралиянын шаардык аймагында катуу мөндүр жааган. Көлөмү гольфтун тобундай болгон мөндүр имараттарга жана автоунааларга зыян келтирип, бак-дарактарды талкалаган.
Эске салсак, жарым жылдан ашуун Австралиянын токойлорун өрт каптап, жалпысынан миллиарддан ашык жандык күйүп кеткен. Өткөн аптада ал аймакта жаан жаап, жергиликтүү тургундар кубанган видеолору интернет айдыңына тараган.