Белгилүү түрк актёру Халит Эргенч тартылган "Вавилондун" биринчи сериясы көрсөтүлөрү менен уу-дуу кептерди жаратты. Учурда сериалдын келечеги бүдөмүк болуп турат

Түркияда "Вавилон" ("Babil") сериалы экранга чыгары менен коомчулуктун талкуусуна жем таштады. Көп өтпөй аталган сериалды көрсөтүп жаткан "Star TV" каналынын башкы директору Чагатай Өнал кызматынан алынды. Учурда сериалдын калган бөлүктөрү аталган телеканалдан көрсөтүлөрү бүдөмүк болуп турат. Бул тууралуу түркиялык басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, "Вавилон" сериалынын 1-сериясы 17-январда экранга чыгары менен коомчулук тарабынан катуу сынга кабылган. Аталган сериалдын жаратуучуларына 2016-жылы Түркиянын бийлигин кулатууга аракет кылган делген "ФЕТӨ" террордук уюмун үгүт кылган деген айып тагылууда. Сериалда уюмдардын бири баш каарман Ирфандын мыйзамсыз түрдө АКШга чыгып кетүүсүнө жардам берген учуру көрсөтүлгөн.

"Даңазалуу кылым" сериалынан кийин Махидевранга күйгөн күйөрмандары
башка сериалда болсо да, бул жолу Султан Сулеймандын сүйүктүү жубайы
болуп тартылганына сүйүнүп жатышкан эле.


Сериалдагы баш каарман экономика жаатындагы профессор, идеалист Ирфан (аны белгилүү түркиялык актёр Халит Эргенч ойногон) кызматынан айдалып, банктык эсептери камакка алынат. Уулун дарылатуу үчүн чет өлкөгө чыга албай убара болот. Ошол учурда уюмдардын бири Ирфанга жасалма документ жасап, АКШга чыгып кетүүгө жардам берет. Коомчулук тарабынан "Эмне үчүн Ирфан уулун Түркиядан дарылаткан жок, дүйнөдө биринчи орунда турган Түркиянын саламаттыкты сактоо тармагынын деңгээлин башкаларга төмөн көрсөткүсү келгенби?" деген суроолор жааган.



Андан сырткары аталган сериалда бай адамдарга карата жек көрүү ачык сүрөттөлгөн. Ошол эле учурда Халит Эргенч бир эпизоду үчүн 250 миң лира (орточо 2 миллион 940 миң сом) гонорар алгандыгы сындалган.

"Вавилон" сериалына Халит Эргенчтен тышкары Озан Гүвен, Аслы Енвер, Бирже Акалай, Нур Феттахоглу жана башка актёр, актрисалар тартылган.

Халит Эргенч менен жубайы Бергүзар Корель 2016-жылы тартылган "Мекеним сенсиң" ("Vatanım Sensin") аттуу сериалы да "ФЕТӨ" уюмунун ишмердүүлүгүн жайылтууга болгон аракет деп баалашкан болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Eliza-Arapbaeva
2020-01-21 23:51:28
Иий иштер чатак болуптур анда((((
0
gulya583
2020-01-22 03:00:27
Ушул фето деген кандай уюм озу. Мусулманбыз дейтта, актрисалардын ачык чачык кийингенин кара. Ушинтип жайылтабы динди деги. Же бироо айткандай еврейлердин адашкан уюмубу
-1
Sultanim
2020-01-22 12:26:03
gulya583, Булар актрисалар да алтыным. Айткан деген м-н жүрбөй факты м-н,Чубак ажы, Абдышүкүр ажылардан сура. Жөн эле миңдеген адамдардын акысына кирбей.
+1
Nadia68
2020-01-22 12:00:59
Кайдагы болбогон бир жомок
+1
Nadia68
2020-01-22 12:01:32
Халит Эргенч эн мыкты актер (профи своего дела)
0
Nadia68
2020-01-22 12:02:31
Болбогон нерсеге эле Фето уюмунун тиешеси бар деп эле болбой калышты Туркиянын озунун ички саясатыго
+2
Nadia68
2020-01-22 12:03:16
Сериал бийликке жакбай калган го
+3
pusur
2020-01-22 12:14:12
Актрисалар хххх жарымын көрсөтүп сүрөткө жакшы түшүптүр, зор сериал окшойт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан