Томск облусунда чыккан өрт 10 мигранттын өмүрүн алды

21-январь күнү Орусиянын Томск облусуна караштуу Асинов районунда пилораманын аймагындагы жыгач үйдөн өрт чыгып, 11 киши каза болду. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жалпы 208 чарчы метр аянтты жалмаган өрт 5 сааттан кийин гана толук өчүрүлүп, кырсык болгон жерден 11 адамдын сөөгү табылган. Анын 10у Өзбек жараны жана бирөөсү орус улутундагы аял болгон. Ошондой эле качып чыкканга үлгүргөн эки адамга медициналык жардам көрсөтүлгөн. Маалыматка ылайык, каза болгондордун баары ошол үйгө расмий катталып, жашап келишкен. Аталган окуяга байланыштуу "кылдатсыздыктан улам 2 жана андан көп кишини өлүмгө жеткирүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ZUXRIDDIN20
2020-01-22 23:46:00
Жаткан Жайлары Жаннаттан болсун мекендештеримди.
Охирати обод булсин вадандошларимни
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан