19-августта Бишкектин Жал кичи районундагы балдар аянтчасына 285 грамм сымап төгүлдү. Мындай окуя экинчи жолу кайталанып жатканын жергиликтүү жашоочулар айтышат. Июнь айында да бул аймакка сымап төгүлүп, анын калдыктары азыркы учурга чейин жатыптыр. Окуя болгон жерде шаардык милиция кызматкерлери, санитардык-эпидемиялык станциянын медицина кызматкерлери иш алып барып, жашоочулардын ден соолугун текшерүүдөн өткөрүштү. "Приборлордун жардамы менен төгүлгөн сымаптын калдыктарын чогултуп, атайын контейнерге салып, тийиштүү органдарга тапшырдык. Анын зыяндуулугун жоюу үчүн аталган аймакка марганцовка менен тазалоо иштери жүргүзүлдү",- деп билдирди ӨКМнын Бишкек шаардык куткаруу кызматынын башчысы Мирлан Карабаев. Сымап адамдардын ден соолугу үчүн кооптуу, аба аркылуу анын тарашы бөйрөк жана боор ооруларын пайда кылышы мүмкүн. Айрым учурларда сымап уулуу зат катары да колдонулуп келет. Ал эми аны ким төккөнү азырынча белгисиз.