17-19-январь аралыгында Швейцариянын Женева шаарында өткөн сууда сүзүү боюнча CIG Challenge эл аралык мелдеште Кыргыз суучулу Денис Петрашов күмүш медалдын ээси болду. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги маалымат таратты.
Брасс ыкмасы менен сүзүүдө 200 метр аралыкта 2 мүнөт 15,19 секунд көрсөткүчү менен спортчу марага экинчи болуп келди. Мындан тышкары, Петрашовго брасс ыкмасы менен сүзүүдө 50 жана 100 метр аралыктагы мелдеште ийгилик жылмайган жок, анда ал жетинчи жана төртүнчү болуп келди.
Суучул жана анын башкы машыктыруучусу Евгений Петрашов Женевага 16-январдан 20-январга чейин Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан иш сапарга жөнөтүлгөн. Аталган дирекциянын бюджетинен 171 миң сом каралган.
Денис Петрашов "Токио-2020" жайкы олимпиада оюндарына биринчи жолдомону уткан кыргыз спортчусу. Кийин экинчи лицензияны да утуп алган. Олимпиада оюндарында ал брасс ыкмасы менен сүзүү боюнча 100 жана 200 метр аралыгында мелдешке катышат.