ЖЭБ соту: Жактоочу: "Башкы прокуратуранын депозиттик эсебине 100 миллион сомдук каражатты Артыкбаев эмес, үчүнчү жактар төлөгөн"

Бүгүн, 22-январда Бишкек шаардык сотунда ЖЭБ иши боюнча жактоочулардын апелляциялык даттануулары каралып жатат. Ага Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоону башкаруу боюнча топтун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов, мурдагы финансы министри Ольга Лаврова жана "Электр станциялары" ишканасынын башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров жана мурдагы депутат Осмонбек Артыкбаев келди.

Анда Осмонбек Артыкбаевдин жактоочусу Нурлан Садыков аппеляциялык даттануулары боюнча далилдерин келтирди. Жактоочу өз сөзүндө мамлекетке келтирилген чыгымды жарым-жартылай төлөө максатында башкы прокуратуранын депозиттик эсебине 100 миллион сомдук каражатты Артыкбаев эмес, үчүнчү жактар төлөгөнүн белгилеп өттү. "Бул нерсе Артыкбаевдин абалын жеңилдетүү максатында жасалган. Себеби ошол учурда Осмонбек Артыкбаев операциядан кийин соттук процесстен өтүп жаткан. Ал эми Артыкбаев өзүнө коюлган айыптарды толугу менен моюнга алган эмес", - деди ал.

Мындан тышкары, жактоочу соттун чечиминде айыптоочу тараптын анын жакталуучусунун мүлкүнө арест коюлсун деген шилтемеси жок экенин айтты. Бирок ага карабастан сот Артыкбаевдин жакындарынын мүлкүн арестке коюу тууралуу чечим кабыл алган. Тергөө учурунда аталган мүлктөргө болгон арест алынган. Демек сот арести калтырып коё алмак эмес экендигин белгилеп өттү.

2019-жылдын 6-декабрында Бишкектин Свердлов райондук соту коррупция боюнча айыпталып жаткандарга карата чечим чыгарган. Анда мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков менен "Улуттук энергетикалык холдинг" ишканасынын мурдагы башчысы Айбек Калиев "коррупция" беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылган. Мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев 7 жыл 6 айга соттолсо, депутат Осмонбек Артыкбаев менен мурунку финансы министри Ольга Лаврова айып пул төлөөгө милдеттендирилген.

"Электр станциялары" ишканасынын башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров жана Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоону башкаруу боюнча топтун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкуловдун жаза мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу сот залынан бошотулушкан. Ал эми "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы башчысы Салайдин Авазов "коррупция" беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 3 айга эркинен ажыратылган.

Соттук ишке Ирина Воронцова төрагалык кылууда, ал эми соттук коллегияда Нурбек Эсеналиев жана Нурлан Кожомбердиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
chake
2020-01-22 14:51:05
111 млн долларды кимин уурдасанарда ордуна коюп койгула ууру өлгүчө карганат болбой
+5
robot111
2020-01-22 15:52:16
Бишкек ЖЭБинен 100 млн. доллардан ашуун каражат уурдалганын жаш бала да билип калды. Бул акчаларды жабыш үчүн бир аттиштин баасын 600 долларга, 2-3 миң сомдук байкоочу камеранын наркын 14 миң долларга чейин кошуп эсептегенин элдин баары билип бүттү. Ал эмес коңшулаш Тажикстан 240 млн. долларга Бишкек ТЭЦинен кем калбаган жаңы ишкана курганы баарыбызга белгилүү болду.
+1
kanayym.92
2020-01-22 14:53:02
Ошол учунчу жактар калган офшордогу акчалады деле которуп койсо сооп болот эле.
-1
Jaznura
2020-01-22 14:54:21
ЖЭБ соту боюнча жактоочулар жогорку инстанцияга кайрылбай эле койсо болмок ал эле эмес эл аралык сотко кайрылса да ошол эле жыйынтык да коррупционер коррупционер бойдон калат да.
-1
Alimbek1000
2020-01-22 15:03:14
Сапар сары 111 млн доллар кана?
0
robot111
2020-01-22 15:51:53
Алмаз Атамбаевдин тушунда курулгандардын, оңдолуп-түздөлгөндөрдүн бардыгында коррупциялык көрүнүштөр болгондугу азыр ачыкка чыгууда. ушуларды жасаган адамдар га аэмес ошолорду кормоксон болуп койгон бийлик башындагы адамда жооп берсин.
+1
Adil18
2020-01-22 18:36:18
Аябай эле катуу сурак жургузуу керек болчу.
Кайда кетти миллиондогон долларлар?
130 миллион долларды ошол учурдагы жетекчилердин мойнуна илип тез арада кайтаруу керек.
Тышкы карыздарды эгемендуулук алган жылдардан бери жетекчилик,жооптуу кызматтарда иштегендердин баарысын текшерип 50 миллиондон,500 миллион сомго чейин мойнуна илуу керек.
Болгону мыкты жетекчи,коз карандысыз сот болушу керек.
Убакыт отуп жатат.Тартип керек казына кол салгандарды жазалоо жана бугундон
+1
Adil18
2020-01-22 18:45:10
Мамлекеттик кызматтарда журуп казынага кол салгандары аз келгенсип пенсия дагы алышат.Карапайым элге келгенде жолок пулду бербейсинер.Пенсия берилбесин колунда бар уй-булоолорго (мамлекеттик жетекчилерге гана тиешелуу).
Кыргызстанда азыр жашоо аябай оор.
Свет,газ,таштандыга толом,сууга,бала бакчага (айына 800 сом),тамак-аш,квартира.
1 айда жаш уй-булоого мен айткан нерселерге каражаттары жетпейт.Айлык аз.
Негизи мамлекет салыктардын турун кобойтпой,женилдиктерди сунуштоос
0
Adil18
2020-01-22 18:50:43
Быйыл парламенттик шайлоого кете турган 1 миллиард 200 миллион сомду БШКга эмес ондуруштук ишканага жумшоо керек.
Тартипке келтиргилечи улуу урматтуу жетекчилер!
Же оз каалоонор менен отставкага кеткиле!
Кыргызстанда чечилбеген койгойлор абдан коп.Ошолорду чечкиле!
Ооруканаларга заманбап аппараттарды алып келгиле,бизде эскилер.Мыкты врачтарыбыз бар.Бирок заманбап жабдыктар жок учун элдер чет олкого барып дарыланууга туура келип жатат.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан