Суданда ачкачылыктан арстандар өлүп жатканын дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Судандын жашоочусу ачкадан өлөйүн деп калган арстандын сүрөтүн интернетке тараткан. Мындан улам социалдык тармактарда арстанды сактап калуу аракеттери жүрө баштаган. Ал эми жергиликтүү чиновниктер бул өлкөдөгү экономикалык кризистен улам болуп жатканын айтып түшүндүрүшкөн.
Судандын жашоочусу Осман Салих өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына Аль-Куреш сейил багындагы арстандын абалы тууралуу пост жазган. Ал эми 20-январда арстандын ургаачысы өлгөнүн билдирген. Жергиликтүү бийлик кризистен улам жаныбарларга тамак жана дары-дармек алып бере албай жатышканын билдиришкен. Ал эми Салих сейил бактын бир айлык кирешеси бир арстанды бакканга жетпей жатканын кошумчалаган. Бул пост социалдык тармактарда катуу талкууга алынып, активисттер жаныбарларды коргоо максатында "Судандагы жаныбарларды сактайбыз" деген хештег менен чогулуп башташкан. Аларга Салих арстанга тамакты өздөрү алып келип берсе жакшы болорун айткан.
Дүйнөлүк жапайы жаныбарлардын фондунун маалыматы боюнча, африкалык арстандардын саны акыркы айларда 40 пайызга төмөндөгөн.