Казакстанда бала өлтүрүүгө айыпталган адам алгачкылардан болуп өмүр бою эркинен ажыратылды

Казакстанда алгачкы жолу бала өлтүрүүгө айыпталган жаран өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 2019-жылы сентябрда 24 жаштагы Игентай Сопыжанов мурунку сүйлөшкөн кызы Бурма айылынын 22 жаштагы тургуну Ника Васильеванын 3 жаштагы уулун колунан жула качып уурдап кеткен. Издөөгө полициядан тышкары ыктыярчылар, кинологдор аралашып, 8-сентябрда баланын жансыз денесин табышкан. Кылмышка шектелген Игентай Сопыжановду эртеси табышкан.

Ага чейин эле Игентай Ника Васильеванын эжесин өлтүргөндүгү үчүн кармалып, 9 жылга кесилген. Бирок мөөнөтү кыскарып, 4 жылда абактан чыгарылганы айтылат.

21-январь күнү Казакстандын Караганда шаарында сот 24 жаштагы Игентай Сопыжановду өмүр бою эркинен ажыратты. Бул Казакстандын Кылмыш-Жаза кодексине толуктоолор киргизилгенден кийинки алгачкы чечим. Толуктоодо бала өлтүрүү боюнча айыпталган адам өмүр бою эркинен ажыратылат деген пункт бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Belek1710
2020-01-23 10:35:38
Сүрөтү менен далилдеп чыгарса болот экен го!
+3
ainura220888
2020-01-23 11:38:07
Мыкаачы экенда. Адам олтуруп конуп калыптыр. Жетбей калган суйуусунон оч алганго
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан