"Манастагы" АКШнын Жүк ташуучу транзиттик борбору 2014-жылы толук жабылат

"Манас" аэропортундагы АКШнын аскер базасынын командири Жон Миллард кыргыз өкмөтү ижара тууралуу келишимди узартуудан баш тарткандыгы үчүн аталган жайдын аскерлери 2014-жылы башка жакка которулушу керектигин 17-августта билдирди. Ошондой эле ал Ооганстандан аскерлердин чыгарылышы жакындаган сайын АКШ тарап толугу менен аталган Жүк ташуучу транзиттик борборунун ишин жыйынтыктоону пландап жатканын белгиледи. Бирок жергиликтүү маалымат каражаттары бул тууралуу расмий маалымат айтыла электигин жазышып, аскердик база кайсы башка жерге көчөрү тууралуу ар кандай божомолдорду жазышууда. АКШ базасынын Өзбекстанга, Казакстанга же Тажикстанга көчүшү ыктымал экендиги айтылып жатат. Ошондой эле Европадагы аскер базаларына көчүүсү да толук ыктымал. Мисалы, Түркияга, Италияга, Румынияга же Катарга.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан