Дзюдо боюнча Израилдин Тель-Авив шаарында 23-январдан 25-январга чейин өтчү Израиль Гран-при турниринде кыргыз дзюдочуларынын атаандаштары белгилүү болду. Абдужалил Юнусовдун кол алдында Кыргыз өлкөсүнүн намысын 6 спортчу коргомокчу.
60 килограммга чейинки салмак ченинде
Айбек Кубанычбек уулу - Даи Аоки (Япония)
66 килограммга чейинки салмак ченинде
Артур Те - Жерард Кадет (Гаити)
81 килограммга чейинки салмак ченинде
Владимир Золоев - Пениамина Персиваль (Самоа)
90 килограммга чейинки салмак ченинде
Фарух Булекулов - Эйле Ле Бе (Конго)
100 килограммдан жогорку салмак ченинде
Юрий Краковецкий - Вито Драгич (Словения)
Бекболот Токтогонов - Шакармамад Мирмамадов (Тажикстан)
Бүгүн, 23-январь күнү Айбек Кубанычбек уулу Даи Аокиге каршы беттешке чыгат.