Индияда куда менен кудагый чогуу качып кетип, эки жаштын тою токтотулду

Индиянын Гуджарат штатынын Сурат шаарында эки жаштын тою жаңы кудалашчу куда-кудагыйдын качып кеткендигине байланыштуу токтотулду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жигиттин атасы менен кыздын апасы илгери кошуна жашап, бир учурда жолугушуп жүргөн. Экөө жашыруун качып кетүүнү пландап жүргөндө, кызды туугандары бай жигитке турмушка берип коюшат. Ошентип тагдырдын тамашасы менен бир нече жылдан кийин бир кезде сүйүшкөндөрдүн балдары табышып, мамиле куруп калышкан. Февралга пландалган тойго аз калганда, жаңы кудалашмакчы болгон 48 жаштагы жеке ишкер жана 46 жаштагы үй кожойкеси жоголуп кетет. Акыркы жолу 10-январда экөө тең өз үйлөрүндө болгон. Учурда эки тараптын тең туугандары алардын жоголгондугу тууралуу полицияга арыз менен кайрылышкан. Ал эми ыңгайсыз абалда калган жаштар ата-энесинен кабардар болгонго чейин тойду токтотуп турууну чечишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
aerforce
2020-01-23 15:29:28
Жаны индийский кино тартылат экенда
+12
Aimani
2020-01-23 15:33:51
Индийский сүйүү го
+11
Istina1000
2020-01-23 15:49:05
Индия дейт бул олкону. Бардык нерсени кутсо болот булардан
+8
Aikaaaa
2020-01-23 15:49:57
Мына ушундан улам индийский сүйүү деп аталып калган да)))
+9
akmanai
2020-01-23 16:53:02
Балдарынын суйуусуно жол бошотуп беришсе болмок беле??
+11
Nurliz11
2020-01-23 17:42:13
Мындай окуя Азербайджанда да болдуго кыздын апасы менен баланын атасы бири бирин жактырып калып качып кетишип жаны эле уйлонгон эки жаш ажырашып кетишиптир
+6
aizira
2020-01-23 20:44:26
Кино го бул жагы)))))
+3
katerina.li
2020-01-23 21:50:07
Биздин режиссер барго пирожки бышыргандай эле кино тарта берген,аял ,аты ким эле?? Ошо эми ушу сценарий менен кино тартпаса болду??? Атын очкур ай,аты ким эле,коп жашагырдын??
+12
lenovo820
2020-01-24 02:18:33
katerina.li,ырыс жоомартованы айтып атасынбы
+5
katerina.li
2020-01-24 12:49:22
lenovo820,ооба ошол айым
Коп жашасын
+4
Nukeww
2020-01-24 10:20:14
katerina.li,ырыс жоомартова ооба. Даяр сценарий
+5
Baha.A
2020-01-24 13:59:20
Буга чейин куда-кудагый кайда болгон деген суроо?
-2
Jasi.jasi
2020-01-24 14:28:09
Качып кеткен эки жаш бактылуу болуп,тен арып тен карышсын.Эки жака тен караган жаштардан болушсун.:)
+2
Eliza-Arapbaeva
2020-01-24 14:33:17
Jasi.jasi,оббооо))
+1
Eliza-Arapbaeva
2020-01-24 14:34:25
Тообо кылдым. Карыганда калжандап жинди болгон го экоо. Балдарына жол бошотуп баштарын бириктирип коюшса болмок. Озу кытай менен индиядан необычный жанылыктар чыгып турат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан