Аламүдүн районунда адам өлтүрүү кылмышына шектелген жаранды кармоо учурунда анын туугандары ( 13-15 киши ) милиция кызматкерлерин таш менен уруп, кызматтык унаасына да зыян келтиришкен. Бул тууралуу Бишкек ШИИББи бүгүн, 20-августта билдирди. Маалыматка ылайык, 18-августта Октябрь айылында 22 жаштагы жаран 2 баланы бычак менен сайып салган. 17 жаштагы бала алган жаракаттарынан улам көз жумуп, маркумдун 21 жаштагы агасы жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, 1 сааттын ичинде кылмышка шектүү жарандын жашаган жери такталган. Аны кармоо учурунда шектүүнүн туугандары милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүшкөн. Нөөмөт бөлүмү кошумча милиция кызматкерлерин жөнөтүп, шектүү кармалган. Ал 22 жаштагы мурун ээнбаштык кылганы үчүн соттолгон Тажикстандын жараны болуп чыкты. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга камалып, тергөө иштери жүрүүдө.