Өзбекстандын Эл артисти Озодбек Назарбеков Маданият министри болуп дайындалды. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазып чыгышты.
Эске салсак, Озодбек Назарбеков ырчы катары карьерасын баштаган. 2017-жылы "Ёшлар" телеканалынын директору болуп дайындалып, бир нече ай телевидениеде продюсер катары эмгектенген. Ошол эле жылы августта Маданият министринин орун басары кызматына келип, азыркы күнгө чейин иштеп келген.