Өзбекстандын Самарканд шаарынын тургуну Хайрулла Курбанов көп аялдуулук беренеси боюнча соттолду. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазып чыгышты.
Самарканд шаарынын Ургут районунда Хайрулла Курбанов аттуу жаран никеси бар болгонуна карабай, экинчи ирет үйлөнгөн. Ал эки жубайы менен тең бир үйдө жашап келген. Ошондон улам биринчи жубайынын туугандары Хайрулланын үстүнөн арыз жазып, сотко кайрылышкан. Соттун чечими менен Курбанов 126-берене (көп аялдуулук) боюнча күнөөлүү деп табылып, 20 пайыз айлык акысын мамлекеттин бюджетине төлөп турууга милдеттендирилип, 1 жарым жыл коомдук ишке тартылган.
Хайрулла Курбанов болсо өз кезегинде эки аял алуу мыйзамсыз экенин билбегенин жана кылган ишине өкүнүп жатканын айткан.