Жантөрө Сатыбалдиев: “Мунай жана газ - акча табуунун жолу, суу – бул жашоо”

Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Тажикстанда иш сапары менен жүрөт. 20-августта Дүйшөмбү шаарындагы эл аралык суу саммитинде сөз сүйлөгөн премьер буларга токтолду. “Мунай жана газ акча табуунун жолу, ал эми суу – жашоо. Кайсынысы маанилүү, акчабы же жашообу? Жашоо бир жолу берилгендиктен, баары жашоо акчадан маанилүү экенине кошулат деп ойлойм. Акча канчалык маанилүү болсо да, бирде бар, бирде жок болуп турат. Эгер жашоо жок болуп кете турган болсо, анда ал биротоло жоголот жана аны эч ким өзгөртүп, кайра калыбына келтире албайт”. Кооптуу окуялар болуп кетпеши үчүн Борбордук Азиядагы суу жана энергетикалык ресурстарды колдонуу маселелери боюнча жаңыланган стабилдүү механизмди иштеп чыгуу керектигин айтты. “Борбор Азиядагы суу жана энергетика ресурстарын колдонуу жана бул чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн экономикалык өнүгүү маселелери бири-бири менен тыгыз байланышкан. Бул тармакта жаңы механизмди иштеп чыгуу өтө зарыл нерсе”,- деп кошумчалады өкмөт башчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан