Мамлекет башчы Коопсуздук кеңештин чечимдеринин аткарылышы белгиленген мөөнөттөн бир нече айга созулуп кеткенин билдирди

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңештин чечимдеринин аткарылышы белгиленген мөөнөттөн бир нече айга созулуп кеткенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 24-январда Коопсуздук кеңештин жыйынында билдирди.

“Мамлекеттик органдардын жетекчилерине коррупцияга каршы кеңири масштабдуу жана чечкиндүү күрөш жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк жетиштүү болду. Чечимдерди аткарбагандарга же алардын аткарылышына “саботаж” жасоого аракет кылгандарга карата чара көрүлөрү тууралуу бардык мамлекеттик органдардын жетекчилери кабардар. Чечимдердин аткарылышы белгиленген мөөнөттөн бир нече айга чейин созулуп кеткен. Айрым учурларда ашыкча бюрократия же формалдуу мамиле орун алып жатат.

Айрым мамлекеттик органдар жергиликтүү жана чет өлкөлүк бизнестин өнүгүшүнө бут тосууну улантып жатышат. Өткөн жылдын аягында Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын алты кызматкери коррупцияга шектелип кармалган. Колго түшкөнү жана колго түшпөгөнү канча? Жетекчилер кызматкерлери коррупцияга аралашып жатканын билбейт дейсиңерби? Жоопкерчиликсиз жетекчилердин айынан биздин бүт күч аракеттер кетип жатат. Колуңардан келбесе арыз жазып кызматтан кеткиле да”, - дейт президент.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан