"Алай" футболдук клубу бир нече оюнчулары менен келишимдин мөөнөтүн узартты

Кыргыз өлкөсүнүн вице чемпиону, Оштун "Алай" футболдук клубу курамындагы бир нече оюнчулары менен келишимдин мөөнөтүн узартты. Бул тууралуу маалымат "Алай" футболдук клубунун социалдык тармактагы расмий баракчасына жарыяланды.

Келшимдин мөөнөтүн узарткандар:

Одилжон Абдурахманов, Келвин Инкум, Дастан Алыбеков, Ерлан Маширапов, Нурлан Рыспаев жана Кыргыз Премьер-Лигасынын эң мыкты бомбардирлеринин бири Кожо Жоэль.

Маалыматка ылайык, "Алай" футболдук клубу былтыркы сезондо жалпы 62 упай топтоп КПЛ`де (Кыргыз Премьер-Лигасы) 2-орунду камсыздаган. Клуб өз тарыхында 4 жолу (2013, 2015, 2016, 2017-жылдары) өлкө чемпиондугун, 1 жолу (2013-жылы) Өлкө Кубогун жана 2 жолу (2017, 2018-жылдары) Суперкубокту жеңип алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
murat17
2020-01-26 13:47:55
Алай клубунда Жоел Кожо куйоо бала жакшы ойнойт ушул куйо баланы сборныйга ойнотсок жакшы болор эле анткени бизде ортонку чабуул ото начар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан