Экс-министр Замирбек Эсенамановду райондук сот актады

Айыпталып жаткан мурдагы жаратылыш ресурстары министри Замирбек Эсенамановду райондук сот актады. Чечимди 20-августта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун судьясы Кымбат Архарова чыгарды. Аны менен кошо лицензия берүүчү комиссиянын 6 мүчөсү да акталды. Судьянын айтымында, аталган комиссия 4 фирмага лицензия берүүдө эч кандай мыйзамды бузган эмес жана мамлекетке материалдык чыгым келтирилбеген. Буга байланыштуу алардын соттогу ишинде кылмыштын курамы жок деп табылды. Айта кетсек, булар "кен иштеткен 4 фирмага 2011-жылы мыйзамсыз лицензия берген" деп айыпталып келген. Кылмыш иши 2013-жылдын апрель айында козголгон. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан