Ырчы Самара Каримова Орусиянын Мамлекеттик Думасынан ыраазычылык баракча алды

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутатынын ыраазычылык баракчасына ээ болду. Жакшы кабары тууралуу ырчы айым SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү билдирди.

"Мен Бириккен Араб Эмираттарындагы Дубай шаарында эс алып жүргөндө мага депутат Иван Белековдун жардамчысы байланышты. Кечээ, 23-январь күнү алардын чакыруусу менен Москвага бардык. Сыйлыкты Мамлекеттик Думанын жыйындар залында тапшырышты. Мени депутат Иван Белеков кабыл алып, эки өлкөнүн алакаларына токтолуп, маданият тармагындагы байланышты бекемдегениңиз үчүн деп алкыш айтты. Ошондой эле депутат Орто Азиядан алгачкылардан болуп Кремль сарайын толтуруп, Орусиядагы көрөрмандарга жакшы маанай тартуулап, өзгөчө концерт коюп кеткениңизди баалайбыз деди. Албетте, мен ыраазычылык кат алганыма абдан сыймыктанып турам. Анткени улуу державанын депутатынын колунан ыраазычылык кат алуу- бул сыймык эле эмес, менин чыгармачылыгыма болгон чоң урмат болду. Эмгегим, чыгармачылыгым элге арналат. Менин ушундай ийгиликтерге жетишиме күйөрмандарым себепчи. Анан калса менин чыгармачылыгымды жогорку деңгээлде баалаган Орусиянын депутаттарына ыраазычылык", - дейт Самара.

Самара Каримова Мамлекеттик думадан сыйлык алды
Самара Каримова Орусиянын Мамлекеттик Думасынан ыраазычылык баракча алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
Arman7
2020-01-24 17:07:49
Ушунун атын уккандан алергия болгондор барбы же жалгыз элеминби
+23
Store
2020-01-24 17:09:33
Анжеликанын ичи күйүп, өрттөнүп жайынан жай алалбай отурса керек кызганып, себеби бул экөөсү инстаграмдагы подписчиктери жөнүндө "миллиондон ашты" деп мактанып, атаандашканынан эле билсең болот бир-бирини көрө албагандарын)).. Эми анжеликаданда бир шиңгил жаңылык күтөбүз, тоест Самкага ответ)))
+12
turaliev
2020-01-24 17:30:41
Самкага ответ))))))
+5
chake
2020-01-24 17:38:31
кыргыздар бири биринди чукулай бергиле молодец, Самара азаматсын талантына баа берем
+4
Dembele84
2020-01-24 18:05:05
Жон эле тойлордо тарактап жургон ырчыларга караганда тузук,кыргыздын ырларын чет жакта ырдап,алардын сыйына татып жатса
0
Tolkun555
2020-01-24 19:01:40
Ичи куйдулук кылбагыла туугандарым.Чынын айтканда жакшы ырдайт.уну да жакшы.Азыркы мезгилдин Каныкей Эралиевасы.
0
Mister-X
2020-01-24 20:32:48
Tolkun555,К.Эралиевага тен келе албайт го. Каныкей эжебиз ырларды, обондорду озу жазат.Уну аябай тунук.Самара деле жакшы ырдайт,бирок озун пиарлап элге жаман корунуп калды.,, Пиар'' кылса, элдин коп сынына кабылат. Эл коп сындаса, демек мен алдыда экемин деп ойлошот экен.Кадыр-баркы улам тушуп жатканы менен иши жок.Эгер озун пиарлабаса кобуно жагат эле.Мен тааныган адамдарды сурап кордум, кобуно жакпайт экен.Албетте, пиар кылганы учун. Ал эми Каныкей эжебиз ото жонокой, токтоо, акылдуу аял.
+7
Arman7
2020-01-25 04:22:21
Tolkun555,Каныкей Эралиева мугалимдерге жана
ошондой сыяктуу кызматкерлерге Асан акасинин доорунда барсанарда барбасанарда аласынар деп мажбурлап билет саттырды беле
+5
katerina.li
2020-01-25 12:58:48
Tolkun555,менрн лично ичим куйбойт бул аялга
+3
Muslim.azamatovich
2020-01-24 20:33:58
Самараныкы баардык жетишкендиги акча,тааныш аркылуу!кече келе калып эле эл артисти деген и наам алганы уят эле,,,
+8
Eliza-Arapbaeva
2020-01-24 20:49:47
Молодец Сашка. Керек болсо бут дуйнону кезип ийгиликтерди жарата бер. Оз элин кыргыз эли начар калкпыз, бизде коро албастык деген ото жакшы онуккон. Биз жаман суйлосок да негатив жазсак да аракет кыла бер. Керек болсо Мадоннадан ашып от!
-2
Tolkun555
2020-01-24 21:39:17
Ийгилик мен колдойм.чынында жакшы ырдайт
-2
Belek1710
2020-01-24 21:54:01
Молодец Самара!
-2
bond02
2020-01-24 22:50:48
Ана жанылык Дубайда журсо Москвадан чалат, Москвада журсо Америкадан чалат ана пиар.
+7
Taalaibek.
2020-01-25 07:56:41
Азаматсын! Алдыга!
-1
katerina.li
2020-01-25 12:57:45
Эми ото эле кобуртуп жабыртып жибериптир. Мамлекеттик Думадан алды деп. Депутатардын арасында самара эмес Кыргызстан кай жакта экенин билбегендер бар. Эч бир дайыны чыкпаган,балык депутаттын жардамчысы чалып айтыптыр. Ужас,ушунча да мактанчаак болобу??
+2
katerina.li
2020-01-25 16:47:17
Алтайга барып клип тартып келбеди беле ошол жактан таанышкан го Белеков менен. Ал алтайский экен
+1
Bars.
2020-01-25 21:57:47
Нурчолпонго жетпейт баары бир.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан