Түркиядагы жер титирөөдөн 19 киши каза болуп, 770 киши жаракат алды

Түркияда катуу жер титирөөдөн улам 19 киши каза болуп, 772 киши ар кандай жаракаттарды алды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, кечээ, 24-январда Сиврижеде күчү 6,8 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Буга чейин Түркиянын бийлиги Элязыг жана Малатья аймагында катталган жер титирөөдөн 18 адам каза болуп, 553 киши жаракат алганын билдиришкен болчу.

“Кырсык катталган жерде өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 493 куткаруучу тобу жапырт иштеп жатат. Жер титирөө катталган аймакка 1 689 даана чатыр, 1 656 даана керебет жана 9 200 даана жууркан, төшөнчүлөр жеткирилген. Уюлдук операторлордун байланыш кызматтары аталган аймакка акысыз туташтырылган”, - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
ZUXRIDDIN20
2020-01-25 10:46:40
Тажикстандын аймагында 7 балл силкинсе кыйроолор болбогон
А бирок Түркияда6,8 баллда кыйрап калыптыр
+1
Bars.
2020-01-25 12:38:06
ZUXRIDDIN20,тажиктердин уйлору сынч менен курулган
+2
Mister-X
2020-01-26 06:17:24
ZUXRIDDIN20,Тажикстанда жер титироонун очогу тоодо болсо керек.Айыл,шаарга жакын болсо кыйроо болмок.Турцияда жер титироонун очогу шаардын озундо болуп жатат.
+1
keku00
2020-01-25 13:48:11
Жайлары жайлуу болсун!
0
Arstan18.18
2020-01-26 02:20:59
Сынч уй тынч уй! Бизде Ошто коп эле сынч уйлор тундуктон коргом сынч койбой уй курса болорун бирок азыр Оштода ошо
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан