Түштүк Корея тарыхында биринчи жолу футбол боюнча Азия чемпиону аталды

Таиландда футбол боюнча 23 жашка чейинкилер арасында өткөн Азия чемпиондугунда Түштүк Корея курама командасы чемпион аталды. Бул тууралуу Азия футбол конфедерациясынын (АФК) сайтына жарыяланды.

26-январда өткөн финалда Түштүк Корея Сауд Арабия курамасы менен кез келип 1:0 эсебинде түштүк кореялыктар жеңип алышты. Жалгыз голду командасына Чжон Тэ Вук алып келген. Бул жеңиши менен түштүк кореялыктар өздөрүнүн тарыхында биринчи жолу жеңүүчү аталышты.

Ал эми 3-орун үчүн Австралия менен Өзбекстан кез келип, 1:0 эсеби менен Австралия жеңип алды.

Маалыматка ылайык 1-2-3-орунду алган командалар "Токио-2020" олимпиадасына жолдомону камсыздашмак.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
erast
2020-01-27 17:11:15
Озбек туугандпр молодец ушуга чейин жетишиптир
+2
rususu
2020-01-28 03:24:21
Аа эми озуно озу бектер да алар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан