Бүгүн, 27-январда Бишкек шаардык сотунда ЖЭБ иши боюнча жактоочулардын апелляциялык даттануулары каралды.
Отурумда мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков сурак берип жаткан. Түштөн кийин анын жактоочусу Замир Жоошевдин келбей койгондугуна байланыштуу соттук отурум жылдырылды.
Анда отурумга төрагалык кылып жаткан судья Ирина Воронцова жактоочунун эскертүүсүз келбей коюшу туура эмес экенин айтып: "Жактоочу бүгүнкү процессти үзгүлтүккө учуратты. Андыктан бул тууралуу Кыргыз Республикасынын адвокатурасына даттануу берилет", - деди ал.
Буга карата Сапар Исаков судьядан даттанууну жөнөтпөй турууну суранды. Кийинки отурум 29-январга белгиленди.
2019-жылдын 6-декабрында Бишкектин Свердлов райондук соту коррупция боюнча айыпталып жаткандарга карата чечимин чыгарган. Анда мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков менен "Улуттук энергетикалык холдинг" ишканасынын мурдагы башчысы Айбек Калиев "коррупция" беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылган. Мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев 7 жыл 6 айга соттолсо, депутат Осмонбек Артыкбаев менен мурунку финансы министри Ольга Лаврова айып пул төлөөгө милдеттендирилген. "Электр станциялары" ишканасынын башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров жана Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоону башкаруу боюнча топтун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкуловдун жаза мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу сот залынан бошотулушкан. Ал эми "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы башчысы Салайдин Авазов "коррупция" беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 3 айга эркинен ажыратылган.