Америкалык ырчы, аткаруучу Билли Айлиш "Грэмми" сыйлыгында 5 негизги наамды жеңип алды. Мыкты жаратуучуларды, мыкты аткаруучуларды, мыкты чыгарманы аныктаган "Грэмми" сыйлыгын тапшыруу аземи быйыл 26-январда Лос-Анжелесте өттү.
Анда эң жаш лауреат аталган 18 жаштагы Билли Айлиш негизги сыйлыктардын жеңүүчүсү болду. Тагыраагы, "Мыкты ыр", "Мыкты жазуу", "Мыкты альбом", "Мыкты поп альбом" жана "Жаңыдан чыккан мыкты аткаруучу" наамдарын багындырды.
Маалым болгондой, Билли Айлиштин агасы Финнеас О'Коннелл "Жылдын продюсери" наамын камсыздады. Ал бул сыйлыкты карындашынын альбомун чыгарганы үчүн ээледи.
Билли Айлиш 2001-жылы АКШнын Лос-Анжелес шаарында төрөлгөн. 11 жашында чыгарма жазып баштаган. Көпчүлүккө "Ocean Eyes" чыгармасы аркылуу таанымал болду.