"24.kg" Матраимовдор боюнча жарыялаган макаласы далилсиз болгонун билдирип, төгүндөө жарыялады

Өткөн жылдын 22-ноябрында "24.kg" маалыматтык агенттигине "Контрабандалык схемалар Райым Матраимовдун кланына алып барат. Журналисттердин иликтөөсү" аталышындагы материал чыккан.

"Редакциянын эч кандай далили жок. Бул материал "Азаттык" жана "Kloop" сайттарынан алынган. "24.kg" сайты иликтөө кылган эмес. Мындан улам бул макалада көрсөтүлгөн маалыматтар агенттикке таандык эмес", - деп жазды "24.kg" маалыматтык агенттиги.

Буга чейин Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов "24.kg" сайтына койгон доосунан баш тартканы кабарланган. Анда "24.kg" сайты буга чейин жарыялаган макаласы далилсиз болгону үчүн төгүндөө чыгарарын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Jaznura
2020-01-27 15:16:05
24.кг эми мындан ары бирөөнүн жалган маалыматын таратпай турган болду окшойт.
-5
elebes86
2020-01-27 21:08:01
Jaznura,
Раим Матраимовтор С. Жээнбековтун он чонтогу болгон учун суудан аппак чыгып жатат. Болбосо Сооронбай Жээнбеков калыс болгондо жеке кызыкчылын эмес, элдин кызыкчылыгын жогору коймок. Азыр канча деген адамдар ак жеринен фактысы жок эле камалып олтурат.
+3
Absamat-90
2020-01-27 15:20:09
Акырында журналисттер ушинтип актанып калышкан экен да
0
Kyrgyz_bloger
2020-01-27 15:22:39
24 кг сайтта,далили жок болгон менен азаттыкта 100 пайыз фактылар менен айтылган,аны эч ким жокко чыгара албайт,диктатура болуп коркутуу эле болбосо.
+11
chake
2020-01-27 15:34:56
Азаттык жуз пайыз заказды аткарган үчүн баары артка чегине баштады
-4
Alia82
2020-01-27 16:14:14
chake,чегинбесе сайматиге окшоп жок бп кетсечи
0
bekbol2006
2020-01-27 17:07:50
Акчанын кучу керемет....
+5
Asyl10
2020-01-28 14:53:50
Райым миллион Кыргызстанга Кудай эле болуп алдыго. Президент баш болуп Раимдин мышыгын "пыш" дей албас болуп. К.Асановдун Райымчалык акчасы жок ак жерден кылмыш ишин козгоп салды. Бул Райымга тен келчу адам барбы мамлекетте. Мамлекеттик органдар эмне мынча андан коркушат? "Пулун болсо, кулунмун", "Акчан барда калтанда,талтанда да талтанда" деген заманда жашап калдык го. [moderated] ге да "когунон" жакшы эле таштаган окшойт Матраимовдор. Азаматсынар.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан