Бүгүн, 27-январда ооганстандык авиакомпанияга тиешелүү учак кулап түштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, учак Ооганстандын чыгышындагы Газни провинциясына кулап түшкөн. Алдын ала маалыматтар боюнча бортто 83 жүргүнчү (айрым булактар 110 жүргүнчү деп жазышууда) болгон.
Ооган бийлиги учак кыйраган жерге атайын отряддын кеткенин билдирген. Кырсыктын жагдайлары такталууда.