Дарыгерлер төрөттөн кансыраган аялды көтөрүп алып 8 саатта ооруканага жеткирип, өмүрүн сактап калышкан

Индиянын Одиша штатында жаш дарыгер жардамчылары менен төрөттөн кансыраган аялды 8 саат бою санитардык көтөргүч (носилка) менен ооруканага жеткирип, өмүрүн сактап калышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Радхешьям Жена балдарга шал оорусуна (полиомиелит) каршы вакцина жүргүзүү үчүн Одиша штатындагы алыскы тоолуу айылга барган. Дарыгер балдарды көрүп жаткан маалда, эгиз балдарды күтүп жаткан аялдын толгоосу башталып калган. Бир баласы жарыкка келгенден кийин аял көп кан жоготуп, абалы начарлап кетет. Дарыгер аны тез арада ооруканага жеткириш керектигин түшүнүп, жардамчылары менен тоолуу айылдын жалгыз аяк жолу менен аялды медициналык көтөргүчкө салып жөнөшөт. 8 киши 8 саат дегенде 30 чакырым жолду басып өтүп, кансыраган аялды ооруканага жеткиришкен. Тилекке каршы, өлүү төрөлгөн экинчи баласын сактап кала алышкан эмес. Бирок энени аман алып калышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
AykaMer
2020-01-28 12:09:26
Эне берки төрөлгөн баласы үчүн аман калыптыр да,...бул да Кудайдын керемети...
+3
Arman7
2020-01-28 14:34:30
Ошондой болушун билгендей носилка алып алышканы жакшыго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан