Бүгүн, 27-январда Ирандын Бендер-Махшехр шаарында жүргүнчү ташуучу учак конуучу тилкеден жолго чыгып кетип токтогон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Анда учакты конууга даярдап жаткан учкуч башкарууну жоготуп, элдер басуучу трассага чыгып кеткени айтылган.
"Caspian Airlines" авиакомпаниясына таандык учактын шассиси жарактан чыгып, ал жерге сүрүлүп барып токтогон. Бортто 135 жүргүнчү болгон. Окуянын күбөлөрү жүргүнчүлөргө салондон чыгууга жардам берген. Өрт өчүрүүчүлөр келип, учакка суу чачкан", - деп айтылат маалыматта.
Окуядан каза тапкандар жана жабыркагандар болгон эмес.