Ооганстандагы кулап түшкөн учакты "Талибан" кыймылы атып түшүргөнүн билдирди

Ооганстанда кулап түшкөн учакты «Талибан» кыймылы атып түшүргөнүн мойнуна алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Учак "Талибан" кыймылы көзөмөлдөгөн аймакка кулаган."Талибан" кыймылы учакты атып түшүргөнүн мойнуна алды. Учактагы бардык адам мерт болду. Ичинде АКШ чалгынынын (ЦРУ) башкы офицерлери болгон.Ооганстан бийлигинин маалыматына караганда, учак толугу менен күйүп кеткен", - деп айтылат маалыматта.

Кечээ, 27-январда Ооганстандын чыгышындагы Газни провинциясына жүргүнчү ташуучу учак кулап түшкөнүн чет элдик басылмалар жазышкан. Анда бортто 83 жүргүнчү (айрым булактар боюнча 110 жүргүнчү) болгону айтылган. Ооган бийлиги учак кыйраган жерге атайын отряддын кеткенин билдирген.

Кийин такталган маалымат боюнча кулап түшкөн учак америкалык аба күчтөрүнүн аскердик учагы экени маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
talaa11
2020-01-28 10:01:51
Иран Талибандарга аттырып очун алып атат окшойт Америкадан
-1
gute
2020-01-28 10:03:12
Американын учагы болсо туура эле атып тушурушуптур анда
+1
Wibee
2020-01-28 10:56:53
Кандай болгон чакта да адам өмүрү кыйылып жатат.
+2
gute
2020-01-28 11:53:43
Wibee, Туура адам олуму кыйылып жатат. Бирок бул гражданский эмес военныйлардын самолету экен. Алар канчалаган куноосуз карапайым элди олтуруп, бомбалап жатканда ойлоп да коюшкан эмес "адам омуру кыйылып жатат" деп.
+4
bessmertiy
2020-01-28 10:57:43
АКШнын өзүнүн эле оюну
-1
Orozbaii
2020-01-28 11:37:00
Самолётто учуш да кооптуу болуп калдыго
0
Tolkun555
2020-01-28 12:27:13
Иран Акш согушу тынчып калдыбы?
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан