Шотландияда күнөөсү жок жаран 3 күн тергөө абакта отурган соң акталган. 4 жылдан кийин гана анын иши каралып, бейкүнөө боло туруп абакта отуруп чыкканы үчүн компенсация берилген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
2015-жылы Гари Уэббдин үйүнө полиция кызматкерлери бастырып кирип, аны кылмышка шектүү катары кармашкан. Гари түшүнбөстүктөр болуп жатканын, ал кылмыш жасабаганын айтса да анын сөзүн эч ким уккан эмес. "Мага эч ким ишенген жок. Мен жинди болуп кетем деп ойлогом. Колума кишен салып, коркунучтуу күнөөнү моюнума коюп салышты", - деп ал окуя тууралуу эскерип келет.
Ошентип Уэбб 1 түн полиция бөлүмүндө, 3 түн кылбаган кылмышы үчүн тергөө абагында жаткан. Кийинчерээк полиция кызматкерлери адашып башка кишини кармап алышканын билип, Уэббди эркиндикке чыгарышкан. Анын айтымында, эч ким ага эмне болгонун түшүндүргөн эмес жана туура эмес кылган иши үчүн кечирим сурашкан эмес. Мунун кесепетинен ал психологиялык жактан жаракат алып, жумуштан кетүүгө аргасыз болгон.
Окуяга нааразы болгон Гари аны мыйзамсыз кармашканы үчүн арыз менен тиешелүү бөлүмгө кайрылган. Эки жыл карагандан кийин анын арызын кабыл албай коюшкан. Нааразы болгон Уэбб Шотландия полициясынын мыйзамсыз иликтөө боюнча комиссиясына кайрылган. Окуяга тиешелүү 5 полиция кызматкери камакка алынганы менен 2 жылдык иликтөөдөн кийин алардын эч кимиси жоопкерчиликке тартылган эмес.
Жыйынтыгында 60 жаштагы Уэбб моралдык компенсация катары 100 миң фунт стерлинг (130 миң доллар) алган.