Кыргыз футболчусу Гүлжигит Алыкулов былтыркы сезондо ойноп кеткен командасы "Неман" клубуна ыраазычылыгын билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн Инстаграм социалдык баракчасына жазган.
"Гродно шаарына салам жолдойм жана биринчи кезекте "Неман" клубуна. "Неман" клубу мени аябай жылуу тосуп алышты. Командалаштарым мага оюн учурунда мындай жардам берет деп күткөн эмесмин. Мен бул клуб менен футболдун жаңы тепкичине көтөрүлдүм. Чын жүрөгүмдөн машыктыруучулук штабка, командалаштарыма жана күйөрмандарыма ыраазычылыгымды билдирем. Мен башка кайсы клубда ойнобоюн "Неман" клубуна жан тартам жана жаңы сезондо ийгилик каалайм", - деп билдирген.
Буга чейин Гүлжигит Алыкулов "Неман" клубунан Казакстандын "Кайрат" клубуна өткөндүгү тууралуу кабарлаганбыз.