Өткөн жылдын 12-декабрында саясатчы Равшан Жээнбеков кармалып, камакка алынган болчу. Ага тергөө абагына алуу бөгөт коюу чарасы сот тарабынан тандалып алынган. Буга байланыштуу бүгүн, 28-январда анын жактоочусу жана тарапташтары маалымат жыйын өткөрүштү.
Жээнбековго оор 7 берене менен айып тагылып жатканын Замир Жоошев белгилеп, бирок анын бирине да далилдер жок экенин айтты. Тергөө процесстеринде ал Кой-Таш окуясы боюнча сурак берген Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова жана башка бул окуя боюнча кармалгандар менен беттештирилгенин, алардын ичинен эч кандай терс көрсөтмөлөр болбогонун айтты.
"Ал барымтага алды делген "Альфа" атайын багыттагы кызматтын жоокерлери менен беттешүү болгон эмес. Мен тергөөнүн кызыкчылыктары үчүн маалыматтарды айта албайм, бирок кыскача айтканда ага берилген айрым көрсөтмөлөрдү тергөө каршы берилди деп баалап жатат", - деди Жоошев.