Кыштын ызгаарында тойлор азайып, ырчылардын "сезону" солгундай түшөт. Учурдан пайдаланып жылдыздар чогулткан акчасын түйүнүп, чет өлкөгө эс алууга чыгууну адат кылып башташты. Бул ирет Дилшат Кангелдиева Түркияга сапар алса, Айнура Салахидинова Египетте саякаттап жүрөт. Ырчы айымдар SUPER.KG порталына кышкы эс алуулары тууралуу төмөнкүлөрдү айтып беришти.
"Учурда Түркиянын 7 шаарын кыдырып жүрөм. 1990-жылдан бери гастроль менен Түркияга келип, көп шаарларын кыдырып келгем. Быйыл биринчи жолу атайын эс алуу үчүн убакыт бөлүп, көрө элек тарыхый шаарларына саякаттап келүүнү чечтим", - дейт Дилшат Кангелдиева.
Ал эми Египетте эс алып жаткан Айнура Салахидинова шеринелеш достору менен саякатка чыкканын айтат. "Биздин көп жылдан бери келаткан шеринебиз бар. Ай сайын чогулуп, чер жазып турабыз. Быйылтан баштап шеринелештер жылына бир ирет чет өлкөгө саякатка чыгууну салтка айланталы деп жатабыз. Андыктан биринчи эс алуубузду жылуу Египеттен баштадык. Шеринебизде чыгармачыл адамдар да бар. Бирөөсүнүн клип тартуучу студиясы болгондуктан, эс алганча клип тарттырайын деп жатам. Ошондой эле бул жакта 29-январда кофе фестивалы өтөт. Ал жак менен келишим түзгөм. Буюрса, фестивалда ырдайм", - дейт Айнура Салахидинова.