Бүгүн, 29-январда Бишкек шаардык сотунда ЖЭБ иши боюнча жактоочулардын апелляциялык даттануулары каралып жатат. Ага Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоону башкаруу боюнча топтун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов, мурдагы финансы министри Ольга Лаврова жана "Электр станциялары" ишканасынын башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров жана мурдагы депутат Осмонбек Артыкбаев келди.
Отурумдун башында жактоочулар Замир Жоошев жана Эрнис Сааданбеков ишке күбө катары келчү жарандарга соттун чакыруу кагазын тапшырышканына карабай, алар келбегендигин айтышты.
Буга карата судья Ирина Воронцова ар бир соттук процесс өзүнө ылайык тартип менен өтөрүн эскертти.
"Сот отурумунун тартибине жараша алгач айыпталуучулар суракка алынат. Андан кийин тараптарга сөз берилет. Акырында күбөлөр көрсөтмө берет. Силер күбөлөрдү 27-январга чакырыптырсыңар. Жактоочулар алардын келүү датасын коё албайт", - деди судья.
Мындан тышкары, Сапар Исаковдун кызыкчылыгын жактап жаткан Замир Жоошев өткөн процессти үзгүлтүккө учуратканы үчүн отурумдун катышуучуларынан кечирим сурады.
Учурда мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков сурак берип жатат.
2019-жылдын 6-декабрында Бишкектин Свердлов райондук соту коррупция боюнча айыпталып жаткандарга карата чечим чыгарган. Анда мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков менен "Улуттук энергетикалык холдинг" ишканасынын мурдагы башчысы Айбек Калиев "коррупция" беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылган. Мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев 7 жыл 6 айга соттолсо, депутат Осмонбек Артыкбаев менен мурунку финансы министри Ольга Лаврова айып пул төлөөгө милдеттендирилген.
"Электр станциялары" ишканасынын башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров жана Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоону башкаруу боюнча топтун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкуловдун жаза мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу сот залынан бошотулушкан. Ал эми "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы башчысы Салайдин Авазов "коррупция" беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 3 айга эркинен ажыратылган.
Соттук ишке Ирина Воронцова төрагалык кылууда, ал эми соттук коллегияда Нурбек Эсеналиев жана Нурлан Кожомбердиев.