"Тоттенхэм" клубунун жарым коргоочусу Кристиан Эриксен "Интер" клубуна өттү. Анын трансфердик баасы 20 миллион еврого бааланды

Англиянын "Тоттенхэм" футболдук клубунун жарым коргоочусу Кристиан Эриксен Италиянын "Интер" клубуна өттү. Бул тууралуу клубдун расмий сайты жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 27 жаштагы даниялык футболчу "Интер" клубу менен 4 жылдык келишимге кол койгон жана трансфердик баасы 20 миллион еврону түздү. Жаңы клубунда футболчу жылына 10 миллион евро иштеп тапмакчы жана бул көрсөткүчү менен Италия чемпиондугунда эң көп маяна алган экинчи футболчу болмокчу. Биринчи орунда "Ювентус" клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду турат.

Маалыматка ылайык, Кристиан Эриксен буга чейин ойноп келген "Тоттенхэм" клубуна 2013-жылы келип кошулган жана клубу менен Чемпиондор Лигасынын финалына чейин жеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
murat17
2020-01-29 12:13:17
интердин кожоюну араб окшойт аябай коп акча коротуп жатат керек болсо без тольк оюнчуларды алып деле акча коротуп жатат буга мисал Ешли Янг 34 жашта дагы 2 жыл ойносо уже бутту андан коро биздин Гулжитти алса талантту дагы осот и андан коп дагы ойнойт кайра сатам десе акча болмок
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан