Барби куурчагын чыгарган "Mattel" компаниясы сулуулуктун стандарттарын элге таңуулабай майып арабада отурган, ала оорусу менен ооруган куурчактарды чыгара баштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, куурчактар линейкасына чачы жок, протез тагынган, денесинде тактары бар, майып арабада отурган түрлөрү кирген. Жаратуучулардын айтымында, идеалдуу болбогон куурчактардан ден соолугунда маселеси бар балдар оюнчуктардан өздөрүн көрүп, дүйнөгө аралашуусуна жеңил болот. Былтыр алгач жасалма кол, бут кийген куурчакты чыгарып башташкан. Аны 12 жаштагы колу протезделген Жордан Ривз жасаганга жардам берген. Быйыл бренд ошондой эле куурчактарды, бирок түстөрүн кара тору кылып өзгөртүп чыгарууну пландоодо. Ошондой эле Кендин куурчактарында да өзгөрүүлөр бар.
Белгилей кетсек, компания 5 жылдан бери мындай инклюзивдүү куурчактарды жасап келет. Улуу Британияда майып арабада отурган Барби эң көп сатылганы маалым.