Кыргыз өлкөсүндө төрөлгөн жаш футболчу Ильзат Ахметов Орусиянын эң кымбат футболчуларынын арасынан ТОП-20га кирди. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Орусиянын эң кымбат футболчусу болуп Марио Фернандес (ЦСКА) табылган. Фернандестин баасы дээрлик 30 миллион еврону түзөт.
Алдыңкы бештикке кирген футболчулар: Александр Головин (Монако) 25 миллион евро, Алексей Миранчук (Локомотив) 18 миллион евро, Артём Дзюба (Зенит) 16 миллион евро жана Фёдор Чалов (ЦСКА) 16 миллион еврого бааланган.
Ал эми Кыргыз өлкөсүнөн чыккан Ильзат Ахметовдун трансфердик баасы 7 миллион 500 миң еврону түзүп, Орусия курамасынын эң кымбат 20 футболчусунун ичинен 20-орунду алды.
Белгилей кетсек, Ильзат Ахметов 1997-жылы Бишкек шаарында туулган. Футболдук карьерасын алгач бишкектик "Алга" клубунда ойноо менен баштаган. Учурда Ахметов орусиялык ЦСКА клубунда негизги курамда ойноп келет.