Бразилияда бир жумадан бери жааган жамгырдан дарыя ташып, катуу сел жүрдү. Анын кесепетинен 52 киши каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жаратылыш кырсыгынан 52 киши каза болуп, 1 киши дайынсыз болууда. Андан сырткары, дагы 65 киши ар кандай жаракат алып, миңдеген адам үй-жайсыз калган.
Кырсыкка Мундау дарыясынын ташуусу себеп болуп, жакын жайгашкан Алагоас жана Пернамбуку штаттарын кыйраткан. "Алагоас штатындагы 12 миң адам жашаган Бранкинья шаарынын инфраструктурасы толук талкаланды. Темир жол, жолдор, банк, чиркөө, үйлөрдүн таш-талканы чыкты. Эми шаарды дарыядан алыс болгон башка аймакта кайра курууга туура келет", - деп билдирген шаар мэри.